Укук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылдыТамак-аштагы курттар. Бишкектеги мектепте ызы-чуу чыкты
“Жардам берүүгө даярмын”. Тыныбекова кичинекей спортчуну издөөдө – видео
02.09.2021 | 12:23
Күрөш боюнча Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова социалдык тармакта тараган видеодо өспүрүм кыздын күрөшүү боюнча техникасы сүйүндүргөнүн айтып, ал кыздын спорттук карьерасына жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
“Кечээ бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм! Качан жана каерден тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу кандай сонун ыкманы жасаган! Сиңдибиз машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы?
Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен бул спортко жаңыдан киришип баштаганда, дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам!
Сени менен жолугуп маектешүүгө даярмын, сиңдим! Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт берүүгө даярмын. Кимде даректери болсо кабар берип коюңуздарчы”, – деп жазган Айсулуу Тыныбекова Фейсбук баракчасына.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом