Ооганстанда өзбек тили расмий тилдердин бири бойдон калат

Ооганстанда өзбек тили расмий тилдердин бири бойдон калат

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ооганстанда өзбек тилине тыюу салынганы жөнүндө «Фейсбукта» тараган маалыматты четке какты. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Юсуп Кабулжанов кабарлады.

«Өзбекстан Республикасынын ТИМ өкүлдөрү талибдердин расмий жетекчилиги менен сүйлөшүү учурунда бул маалымат чындыкка дал келбей турганы белгиленди», деп айтылат билдирүүдө.

ТИМ өкүлүнүн айтымында, «Талибан» өзбек тили пушту жана дари тилдери менен катар Ооганстандагы расмий тилдердин бири болуп каларына убада берген.

«Талибдердин билдиришинче, өлкөнүн жаңы жетекчилиги өзбек тилин окутууга жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлөт», — деди Юсуп Кабулжанов.

Буга чейин тарыхчы жана талдоочу Анвар Назир «Фейсбукка» талибдер мектеп программасынан өзбек тилин окутууну алып таштаганын, жүздөгөн өзбек мугалимдери жумуштан бошотулганын жана китепканалардан Авлони, Новои жана өзбек-түрк авторлорунун китептери алынганын жазган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>