Кыргызстан менен Франциянын ӨКМдери биргелешкен тоо-куткаруу машыгууларын өткөрүштү5-июль: Кыргызстанда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, +34°Cге чейин ысыйтБаткендеги ооруканага коюлган жардыруучу зат тууралуу маалымат жалган болуп чыкты — облустук ИИБТүндүк — Түштүк альтернативдик жолунда сел жүрүп, унаа кыймылы жабылды — Транспорт министрлиги«Кыргызстан аэропорттору» Шанхайга каттам ачуу маселесин талкуулоодоКР ТИМи чет элдик ЖМКлар үчүн Көчмөндөр оюндарына аккредитациялоону ачты — кенен маалымат
“Жардам берүүгө даярмын”. Тыныбекова кичинекей спортчуну издөөдө – видео
02.09.2021 | 12:23
Күрөш боюнча Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова социалдык тармакта тараган видеодо өспүрүм кыздын күрөшүү боюнча техникасы сүйүндүргөнүн айтып, ал кыздын спорттук карьерасына жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
“Кечээ бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм! Качан жана каерден тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу кандай сонун ыкманы жасаган! Сиңдибиз машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы?
Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен бул спортко жаңыдан киришип баштаганда, дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам!
Сени менен жолугуп маектешүүгө даярмын, сиңдим! Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт берүүгө даярмын. Кимде даректери болсо кабар берип коюңуздарчы”, – деп жазган Айсулуу Тыныбекова Фейсбук баракчасына.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом