Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Жаш балдарды интернет аркылуу баңгизат колдонууга тарткандар жазаланышы мүмкүн
06.03.2025 | 13:30
Интернет аркылуу жаш балдарды баңгизат жана ар кандай психотроптук заттарды колдонууга тарткандар жазаланышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.
Аталган мыйзам долбоор депутат Медербек Алиев тарабынан демилгеленген.
Эл өкүлүнүн айтымында, бул мыйзам долбоор кабл алынса, жаш балдарды телекоммуникациялык тармактар, анын ичинде интернет аркылуу баңгизат жана психотроптук заттарды колдонууга тарткан жана көндүргөн жарандар 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле мүлкү конфискацияланат.
Мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште 1-окууда кабыл алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом