Жогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазуудаТүштүк Кореянын колдоосу менен Улуттук госпиталдын жаңы корпусу курулатКыргызстан 2030-жылга чейин ЕАЭБдеги интеграциянын артыкчылыктуу багыттарын аныктадыТүркияда Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган эскерүү иш-чаралары өттүКыргыз-гана кызматташтыгы жолго коюлууда: Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоого жабылат
30.05.2025 | 10:03
Бүгүн, 30-майдан тарта Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульварынын Чүй проспектисинен Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн чыгыш тарабы оңдоо үчүн жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Автоунаа кыймылы үчүн жолдун батыш тарабынан убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулган.
Мэрия тургундарга убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн маршрутту алдын ала пландаштырууну, ошондой эле жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом