Жайыл районунда браконьерлерге каршы рейд: эреже бузгандарга айып салынып, куралы алынды

11.12.2025 | 16:22

2025-жылдын 10-декабрында Чүй облусунун Жайыл районунда мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюуга багытталган рейд болуп өттү. Иш-чара КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын егерлери жана NABU жаратылышты коргоо уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулду.

Патрулдук иштердин жүрүшүндө инспекторлор жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын аныкташты. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен эки административдик протокол түзүлдү. Салынган айып пулдун жалпы суммасы 25 000 сомду түздү (ар бир учур үчүн 12 500 сомдон).

Мындан тышкары, рейд учурунда ээсинде тиешелүү уруксат кагаздары жок болгон жылма стволдуу кош ооз мылтык алынды. Курал андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Жайыл РИИБнин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жаратылыш ресурстары министрлиги браконьерликтин алдын алуу, жапайы жаратылышты коргоо жана экологиялык нормалардын сакталышын камсыздоо максатында мындай рейддер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турарын баса белгиледи.

Scroll to Top