Жазаларды аткаруу кызматына атайын техникалар тапшырылды
Жазаларды аткаруу кызматына 35 млн сомдук атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Бүгүн, 12-августта Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин борбордук аппаратында салтанаттуу иш-чара болуп өткөн.
Анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, аталган кызматтын коомдук коопсуздукту камсыздоодогу салымын белгилеп, мамлекет аларга жакшы жумуш шарттарды түзүп берерин белгилеген.
Иш-чарада Жазаларды аткаруу кызматына 35 млн сомдук атайын техникалар тапшырылган. Аны менен бирге мекеменин кызматкерлери жаңы аскердик наам жана ардак грамоталар менен сыйланган.
[image_carousel source=”media: 148961,148960,148959,148958,148957,148956,148955,148954,148953,148952,148951,148950,148949,148948,148947,148946,148945,148944,148942,148941″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда