Жазаларды аткаруу кызматына атайын техникалар тапшырылды

Жазаларды аткаруу кызматына атайын техникалар тапшырылды

Жазаларды аткаруу кызматына 35 млн сомдук атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Бүгүн, 12-августта Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата Кайтаруу  жана күзөтүү департаментинин борбордук аппаратында салтанаттуу иш-чара болуп өткөн.

Анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев  куттуктоо сөзүн сүйлөп, аталган кызматтын  коомдук коопсуздукту камсыздоодогу салымын белгилеп, мамлекет аларга жакшы жумуш шарттарды түзүп берерин белгилеген.

Иш-чарада Жазаларды аткаруу кызматына 35 млн сомдук атайын техникалар тапшырылган. Аны менен бирге мекеменин кызматкерлери жаңы аскердик наам жана ардак грамоталар менен сыйланган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ЖАК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>