Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Иштеги жаңы жагдайлар

Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Иштеги жаңы жагдайлар

Токмок шаарында карындашына ыдык көрсөткөн кишини атып салган адамдын иши боюнча акыркы экспертизанын жыйынтыгы жакында чыгарылат. Бул тууралуу айыпталуучунун жактоочусу Эркинбек Ирискулбеков Reporter.kg’ге билдирди.

Анын айтымында, шектүүнүн окуя учурунда аффект абалында болуп-болбогону боюнча экспертиза жасалган.

“Экспертизанын жыйынтыгы жакында чыгышы керек. Келерки аптада чыгып калышы мүмкүн. Ошого жараша иш уланат”, — деди ал.

Жактоочунун айтымында, мыйзамга ылайык шектүү 8 жылдан 12 жылга чейин камалышы мүмкүн. Бирок экспертиза тарабынан окуя учурунда ал аффект абалында болгону ырасталса, анын жазасы жеңилдетилет.

“Аффект абалында болгондо кылмышты атайын жасаган болуп эсептелбейт. Анда жаза мөөнөтү 3 жылга чейин берилет”, — деди ал.

Ал эми окуя боюнча Чүй облустук милиция тергөө уланып жатканын билдирди.

“Азыр жалгыз экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат. Калган экспертизалардын корутундусу менен жабырлануучу жана айыпталуучу тарап тааныштырылган”, — дешти милициядан.

Учурда тергөө жүрүп жаткандыктан облустук милиция жабырлануучу катары каза болгон адам тараптан ким чыгып жатканы айтышкан жок.

Эске салсак, окуя 1-июлда болжол менен саат 8:30да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон. Анда карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы травматикалык курал менен атып салган. Ал алган жараатынан каза болгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>