Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт. 9 от казан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 300 т/саат, температурасы 53 градустан 68 градуска чейин. Электр энергиясын иштеп чыгаруу 6.466.280 кВт.саат.
Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз