Ошто аткезчилик жол менен ташылган 1 млн сомдук дары-дармек аныкталды

Ошто аткезчилик жол менен ташылган 1 млн сомдук дары-дармек аныкталды

Ош облусунда өлкөгө аткезчилик жол менен ташылып келген баасы 1 млн сомдук дары-дармек табылып алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, К.Х. аттуу аял Россиядан дары-дармектерди Кыргызстанга аткезчилик жол менен ташып келип, андан ары Өзбекстанга сатып жүргөнү аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин  231-беренесинин 1-бөлүгүнө (Экономикалык контрабанда) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин алкагында Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы 64 жаштагы М.М. аттуу тургундун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 4000 даана ампициллин, 3640 даана эналаприл, 100 даана семакс дарысы, 300 даана Рензилбензат мазы алынган.

Ошондой эле, Ош шаарында 69 жаштагы К.Х.нын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 21 куту мукалтин, 12 куту флуконазол, 20 куту карбамазепин, 4 куту амбцет, 19 куту эритромицин, 11 куту тетрациклин, 5 куту амлорус жана дарылар табылып алынган. Аткезчилик менен алынып келинген дары-дармектеридин жалпы баасы 1 млн сомду түзгөн.

Бул ишке шектүү катары дарылардын ээси К.Х. кармалган.

“Учурда жалпы алынган дары-дармектер боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдүн байланыштары жана дарылардын ташылып келген жолдорун аныктоо боюнча ыкчам иштер улантылуууда”, — деп айтылат маалыматта.

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>