Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, чек ара маселесин талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
“Мамлекет башчылар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын кеңири маселелери боюнча, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты мындан ары карай бекемдөө зарылчылыгына көңүл бурушту”, — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 27-ноябрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген.