Садыр Жапаров менен Нарендра Моди кыргыз-индус кызматташтыгын талкуулаштыСадыр Жапаров алгачкы жолу Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолугуштуӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке сапар менен келдиКөчмөндөр оюндары: Журналисттер ачылыш аземинин алдында уюштуруучулук кыйынчылыктарга туш болуштуВице-президент Во Тхи Ань Суан: Кыргызстан — Вьетнамдын Борбордук Азиядагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшүТажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке сапар менен келди
Жээнбеков менен Рахмон чек ара маселесин талкуулады
28.11.2019 | 10:34
Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, чек ара маселесин талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
“Мамлекет башчылар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын кеңири маселелери боюнча, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты мындан ары карай бекемдөө зарылчылыгына көңүл бурушту”, – деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 27-ноябрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат