Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Жээнбеков менен Зулпукаров жоопко тартылбай калды
08.12.2021 | 12:40
Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия Башкы прокуратурага депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген жок. Мындай чечимди бүгүн парламентте депутаттар кабыл алды.
Атайын депутаттык комиссия карап чыгып, депутаттарды камоого негиз жок деген чечимди кабыл алышты.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жээнбеков, Зулпукаров “Кумтөр иши” боюнча коррупцияга шек саналып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалышкан.
1-декабрда түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун бүгүн 8-декабрда жалпы палата карады.
Жээнбеков менен Зулпукаров кандай учурда абактан бошотулат? Жооп
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат