Жээнбеков менен Зулпукаров кандай учурда абактан бошотулат? Жооп

Жээнбеков менен Зулпукаров кандай учурда абактан бошотулат? Жооп

Эгер Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигенов камактан бошотулушат. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Башкы прокурордун сунуштамаларын кароонун жыйынтыгы боюнча парламент өз ыйгарым укуктарынын чегинде добуш берүү жолу менен аталган депутаттарды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Ал эми макулдук берүүдөн баш тартса, алардын камактан бошотулушуна негиз болот. Депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-декабрына чейин үч депутатты Кылмыш-процессуалдык кодекстин негизинде жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү үчүн Башкы прокурор 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштарды берген.

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында «Кумтөр» маселеси боюнча коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга шектелип шайлоонун алдында кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>