Жети-Өгүздө жеригиликтүү тургундун үйүнөн 10 кг баӊгизат табылды

Жети-Өгүздө жеригиликтүү тургундун үйүнөн 10 кг баӊгизат табылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн 10 килограммдан ашык баӊгизат табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Январь айынын соңунда милицияга мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөн адам тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам иликтөө иштериин жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Дархан айылынын 46 жаштагы тургуну Д. Каныбек болуп чыгат.

Күбөлөрдүн катышуусу менен шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда, сарайынан жана жертөлөсүнөн 8 данаа 5 литрлик пластикалык идишке жана целлофан баштыкка салынган жапайы кендир жыттанган өсүмдүк заты табылып алынган.

Экспертиза көрсөткөндөй табылып алынган баӊгизаты марихуана болуп эсептелинет. Салмагын өлчөгөндө 10 кг. 385 гр. марихуана жана 3 грамм гашиш болуп чыкты.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Райондук соттун чечими менен шектүү «үй камагына» алынган.
[su_image_carousel source=»media: 20015,20016,20017″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>