Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Жети-Өгүздө кулпунайды кабыл алуучу жай ачылды
03.06.2025 | 14:01
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун административдик борборунда кулпунайды кабыл алуу пункту ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Эми дыйкандар өз түшүмдөрүн аталган жайга өткөрүп берип, аны экспортко жөнөтө алышат.
Маалыматка ылайык, учурда аталган жайда кулпунайды 260-290 сомдон, ал эми майдасын 70 сомдон кабыл алышууда.
Кулпунайды кабыл алуучунун байланыш номуру: +996 502 805 676 (Нурболот)
Министрлик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана продукцияны сатуунун туруктуу каналдарын камсыз кылуу багытындагы иш-чараларды улантарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом