23-июндан тарта Жибек Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Алгач көчөнүн Тоголок Молдодон Жусуп Абдрахмановго чейинки түндүк бөлүгү жабылат. Айдоочулар жолдун түштүк тарабы менен жүрө алышат.
Андан кийин Курманжан Даткага чейин оңдолот. Жалпы узундугу 3,2 чакырым.