1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты
ЖК комитети Бейшеналиев менен Баатырованын министр болушун колдоду
11.09.2023 | 10:47
Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри жана Гүлнара Баатырованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоо үчүн талапкерлигин колдоду.
Эми алардын талапкерлигин кароо парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине жөнөтүлөт.
Эскерте кетсек, 7-сентябрда президент Садыр Жапаров өзүнүн жарлыктары менен Бейшеналиевди саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу жана буга чейин саламаттык сактоо министри болуп келген Гүлнара Баатырованы кызматтан бошотуп, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом