Ысык-Көл: 17 га жерди Азербайжанга 49 жылга ижарага берүү пландалууда

Ысык-Көл: 17 га жерди Азербайжанга 49 жылга ижарага берүү пландалууда

Ысык-Көлдө 5 жылдыздуу мейманкана куруу үчүн 17 гектар жерди Азербайжанга 49 жылга ижарага берүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Телеграм каналында билдирди.

Анын айтымында, парламенттин Бюджет боюнча комитети Азербайжан менен Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана куруу тууралуу келишимди карайт. Ага ылайык өкмөт Кара-Ой айылында Азербайжанга 17 гектар жерди ижарага берет. Анын ичинен 12 гектарда курулуш иштери жүрөт, 4 гектары сейил бак жана 1 гектары пляждык аймак болот (жарандар пляжга ээн-эркин кире алат).

Келишим боюнча, өкмөт пансионатка чейин жол салып, тиешелүү инфраструктураны тартып берет. Ошондой эле, мейманкана 10 жылга салыктан бошотулуп, жер 49 жылга ижарага берилет жана кийин аны узартууга мүмкүн болот. Азербайжан 3 жыл ичинде мейманкананы салып, ал жакта иштегендердин 70%ы кыргызстандыктар болот.

«Ушундай шарттар менен пансионат курууга макул болгон жергиликтүү ишкерлер бар болду бекен? Министрлер кабинети жергиликтүү инвесторлорго да ушундай шарттарды сунуштайбы?», — деп суроо салды депутат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>