ЖК төрагасы Түркияда бекер дарылоо үчүн кыргызстандыктарга бөлүнгөн квотаны 500гө көбөйтүүнү суранды

ЖК төрагасы Түркияда бекер дарылоо үчүн кыргызстандыктарга бөлүнгөн квотаны 500гө көбөйтүүнү суранды

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий сапары менен келген Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын ортосунда Парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Тургунбек уулу эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд долларга чейин көтөрүү максатын ишке ашыруу тууралуу айтты. Ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселесине да токтолуп, 150 кыргыз жаранын түрк ооруканаларында акысыз дарылоо боюнча макулдашууну кайрадан улантып, квотанын көлөмүн 500гө чейин көбөйтүү сунушун берди.

Нуман Куртулмуш Түркия кыргыз эли менен бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирип: Бизди стратегиялык алакалар гана жакындатпастан, узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жана боордоштук мамиле бириктирип турат”, – деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>