Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын депутаты, Түркиядагы Чыңгыз Айтматов институнун башчысы Ильяс Топсакал баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын демократиялык институттарды жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү Акмал Саидов да катышкан.
Жолугушууда боордош элдердин ортосундагы маданий кызматташтыкты арттыруу маселеси талкууланып, анын ичинен чыгармачыл жана өнөр адамдарынын ортосундагы алакаларды кеңейтүү тууралуу сүйлөшүлгөн.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан тарыхый байланышы терең, тектеш түрк калктарынын саясий-экономикалык өнөктөштүгүн өрчүтүү менен катар маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирген.
“Биримдикке жетүү үчүн тил, тарых, музыка, адабият сыяктуу маданий аспекттерди айкалыштырып, жаш муундарга биргелешкен маданий платформаларды түзүшүбүз кажет”, — деген ал.
Өз кезегинде Ильяс Топсакал Чыңгыз Айтматов чыгармаларында бир адамдын тагдырын баяндоо аркылуу, жалпы түрк дүйнөсүнүн тагдырын чагылдыргандыгын баса белгилеп, ар эмгеги чоң идеяга бай экендигин кошумчалаган. Мындан тышкары институт жүргүзүп жаткан иштер тууралуу учкай маалымат берген.
“Биздин институт кыргыздын улуу жазуучусунун ысымын алып жүргөнүнө сыймыктанабыз. Андыктан, биздин башкы максатыбыз залкар калемгердин жолун улантып, түрк дүйнөсүнө эле эмес, жалпы адамзатка руханий көпүрө түзүү”, – деген Ильяс Топсакал.