ЖКККББны Азенбек Козукеев жетектейт. Ал жол кырсыктарынын санын азайтышы керек

06.11.2025 | 13:10

Кыргызстандын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын (ЖКККББ) Азенбек Козукеев жетектей турган болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“Ал дайындалганга чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеген жана ички иштер органдарында чоң тажрыйбага ээ”,- деп айтылат маалыматта.

Жаңы жетекчиге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы ишти күчөтүү, жол кырсыктарынын санын кыскартуу жана «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында техникалык жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү тапшырмасы коюлду.

Эске салсак, мурунку жетекчи Жеңишбек Жоробеков өлкөдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштери начар жүргүзүлүп, автокырсыктардын саны кескин өскөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

Scroll to Top