БУУнун Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгышта ок атууну токтотуу боюнча резолюциянын долбоорун четке кактыКыргызстан ЕАЭБде LED лампаларын импорттоого 5%дык алымды кайтарууну сунуштоодоБилет алып берем деп, жарандарды 15 млн сомго алдаган. Лейлекте шектүү жаран кармалдыАлтай мамлекеттик университети Алтай түрктөрүнүн эрте орто кылымдагы эстеликтеринин төртүнчү каталогун чыгардыБишкекте Мамлекеттик башкаруунун жогорку мектеби ачылатЧүй облусунда мыйзамсыз пайдаланылып келген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
ЖМК кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт
01.02.2022 | 15:14
Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) кызматкерлеринин маянасы жай же күзгө чейин көтөрүү маселеси Министрлер кабинетинде каралган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекеттик ЖМК кызматкерлеринин маянасын көтөрүү боюнча тапшырма койгон.
“Жыйында айлык, гонорар жана дубляждын өлчөмүн көтөрүү маселеси айтылган. КТРК жана ЭлТР телеканалдары дубляж кылууга аракет кылышат. Бирок ал жердеги кызматкерлердин бир сааттык жумушу 280 сом экен”, – деди Эсенгул уулу.
Белгилей кетсек, 1-апрелден тартып бүт мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлүү алдында турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом