Жогорку Кеңеш ыйлаган кыз боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңеш ыйлаган кыз боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин депутаттары кичинекей кызды шылдыңдап, ыйлатканга чейин барышты” дегендей маалыматтар чындыкка жатпайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында Жогорку Кеңеш Бүткүл дүйнөлүк Балдар күнүнө карата өлкөбүздүн жети дубанынан келген балдарды кабыл алып, майрамы менен куттуктап жана алардын балдар темасына байланыштуу даярдаган баяндамаларын, суроолорун угушкан.

“Кичинкей коногубуз олуттуу маселени козгоп, өзгөчө чеберчилик менен, балалыктын бал тилине салып сүйлөгөнүнө күбө болгон катышуучулардын бардыгы, бир эле депутаттар эмес, телеоператорлор дагы күлүп, анын артынан дароо кол чаап колдоп жиберишти. Бул жагдай кичинекей коногубузду толкунданткандай болду. Видеонун Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы тарткан версиясында жыйынды алып барган вице-спикер Аида Касымалиева кичинекей коногубузга кайрылып: “Жакшы маалымат бергениң үчүн сени колдоп кол чаап жатабыз. Азаматсың!” деп айтканын угууга болот”, — деп жазылат басма сөз катчынын билдирүүсү.

Белгилей кетсек, №87 мектепте билим алган окуучу Жогорку Кеңешке барып мектептеги коррупцияны айтып, ыйлап жиберген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>