Жогорку Кеңеште Абдрахматованын БШКдан кетүү тууралуу арызы колдоо тапты

Жогорку Кеңеште Абдрахматованын БШКдан кетүү тууралуу арызы колдоо тапты

Бүгүн, 28-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан  Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованын кызматтан кетүү арызы каралды. 

Ал өз каалоосу кызматтан кетип жаткан Абдрахматованын арызы депутаттардын добуш берүүсүнө коюлуп колдоо тапты.

Атыр Абдрахматова БШКнын төрайымынын орун басары болуп иштеп турганына карабай ар убак БШКнын ишин сындап келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>