Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус аныкталды

Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус аныкталды

Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Бирок ал кайсы эл өкүлдөрү экенин ачыктаган жок.

Анын айтуусунда, ушуну менен Жогорку Кеңештин 4 депутаты, 4 аппарат кызматкеринен коронавирус тастыкталды. 

Ал эми Ибраим Нуракун уулу өзү 18-июнда коронавирус жуктуруп алган. Ал учурда Токмоктогу ооруканалардын биринде дарыланууда.

19-июнда «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Бейшеналы Нурдиновдон коронавирус аныкталган. Ал парламенттеги бардык депутаттар менен байланышта болгон. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>