Бишкекте кыймылсыз мүлккө болгон баалардын төмөндөшү катталдыКыргызстанда жогорку класстардын окуучулары үчүн эркин республикалык тестирлөө өткөрүлөтУКМК эттин баасын кымбаттаткандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги караларын эскерттиАкжол Махмудов Исламдык солидардуулук оюндарынын грек-рим күрөш боюнча жарым финалына чыктыТашиев «Мурас Юнайтед» клубунун машыктыруучусун эмне үчүн кетиргенин түшүндүрдүКазакстанда үй өрттөнүп, 12 адам каза болду. Алардын тогузу жаш балдар
Жогорку Кеңешке 810 млн сомдон ашык каражат жумшалды
05.09.2023 | 22:13
Сегиз айда Жогорку Кеңешти кармоого бюджеттен 810,1 миллион сом сарпталды. Бул маалыматтарды Каржы министрлиги билдирди.
Анын 510,2 миллион сому эмгек акыга кеткен. Ошого жараша Социалдык фондго чегерүү 68 миллион сомду түздү.
Парламенттин чыгашаларынын эң чоң беренелери айлык акыларды эсепке албаганда, башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу – 65,7 млн сом, имараттар жана жабдуулар – 87 млн сомду, машиналар жана жабдууларга кеткен чыгым – 48,6 млн сомду түздү.
Кошумчалай кетсек, бул аралыкта Жогорку Кеңеш калкка социалдык жардам көрсөтүү үчүн 180 миң сом гана бөлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар