Депутат Бактыбек Сыдыков бүгүн Жогорку Кеңеште ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жылына бюджеттен канча каражат каралганына кызыкты.
Эмгек министринин орун басары Кыял Жанузакова аларга айына 8 миң сом, ал эми жеке жардамчылардын кызматы үчүн кошумча 7 миң 681 сом төлөнүп жатканын айтты.
Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева 2025-жылдын бюджетинде жөлөк пул төлөөгө дээрлик 16 миллиард сом бөлүнгөнүн кошумчалады.
Депутат өзкезегинде жыл өткөн сайын майып балдар көп төрөлүп жатканын айтты.
“Бул мамлекетке, анын ата-энесине жана жакындарына кыйын. Төрөлбөй эле, бала боюна бүтүп жатканда алдын алуу боюнча мамлекеттик программа керек. ДЦП, Даун синдрому, аутизм менен ооруган балдарды көрсөң жүрөгүң ооруйт. Ооба, бул адамгерчиликке жатпайт, бирок биз бул программаны ишке ашырышыбыз керек»,— деди Сыдыков.