Июль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалууда
Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туру башталды
08.01.2024 | 11:01
2023-2024-окуу жылына жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынакка каттоо 10-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 11-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.
Белгилей кетсек, I турда жалпысынан 237 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 219 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган.
Жыйынтыгында 182 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.
I турда эң көп талон төмөндөгү жогорку окуу жайларга түшкөн:
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 68,
- Ош мамлекеттик университети – 52,
- Борбордук Азиядагы Америка университети – 27,
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы – 25,
- М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 12,
- Эл аралык медициналык университети – 12.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим