Казакстанда эки блогерди каматкан каржы пирамидасы: Дагы бир шектүү Бишкектен кармалды

Казакстанда эки блогерди каматкан каржы пирамидасы: Дагы бир шектүү Бишкектен кармалды

Казакстанда каржы пирамидасын түзүп, жетектөөгө шектелип издөөдө жүргөн А. О. (Адлет Ораз) Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин маалыматы боюнча, Адлет Ораз адамды жүзүнөн тааныган камералардын жардамы менен колго түшүрүлгөн. Ал 2023-жылдын аягында шаардагы камераларга түшүп калган.

Ага Казакстанда Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренеси (Каржы пирамидасын түзүү жана жетекчилик кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкекте кармалган Адлет Ораз

Белгилүү болгондой, 2021-жылы Казакстанда каржы пирамидасынан жабыркаган жарандар полицияга жамааттык арыз жазган. Каржы пирамидасын уюштургандар элден 100 миллиондогон теңге чогултуп, акчаны кымырып алган. Алар жарандардан көбүрөөк акча топтоо, алардын ишенимине кирүү үчүн өздөрүн жарнамалоого белгилүү блогерлерди тартышкан.

Натыйжада бул иш боюнча 12 адам шектүү катары кармалып, алардын арасында эки белгилүү блогер Мейржан Туребаев жана Мейирхан Шерниязов да болгон.

Мейржан Туребаев (солдо) жана Мейирхан Шерниязов (оңдо)

Былтыр июнь айында кармалгандар 5 жылдан 17 жылга чейин соттолгон. Алар жабырлануучуларга 1 млрд 861 млн 752,4 миң теңге (азыркы курс боюнча 366, 4 млн сомдон ашык акча) төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Ал эми Мейржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязов 5 жылдан эркинен ажыратылган.

Дагы эки шектүү Адлет Ораз менен блогер Азизжан Саидбаев эл аралык издөөдө жүргөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>