Жогорку окуу жайлардын айрым психологдору Баткенге барат

Жогорку окуу жайлардын айрым психологдору Баткенге барат

Эртең, 20-сентябрь күнү республикадагы жогорку окуу жайлардын 27 психологу Баткенге барат. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин тапшырмасы менен жүзөгө ашып жатканын аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, психологдордун он үчү Бишкектен, сегизи Оштон барат. Учурда жеринде 6 психолог иш алып барууда. Бул психологдор кербенинин алкагында уюштурулууда.

Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинде жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жыйын өтүп, анда жогорку окуу жайларда иштеген психологдордун тобун Баткенге жиберүү тапшырма берилген.

Кошумчалай кетсек, Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу баскынчылыгынан жабыркагандарга көмөктөшүү максатында ачылган “Баткенге жардам” атайын эсебине азыркы учурда билим берүү тармагынан 17,5 млн.сом которулду. Мындай көмөктөшүү каражаттары алдыда дагы которулмакчы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>