Баткен: 54 мектепте, 48 бала бакчада сабактар убактылуу токтотулду

Баткен: 54 мектепте, 48 бала бакчада сабактар убактылуу токтотулду

Баткен районундагы 54 мектепте жана 48 бала бакчада сабактар убактылуу токтотулду. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги маалымат берди.

Маалыматка караганда, 19-сентябрга карата алынган маалымат боюнча, Баткен шаарындагы билим берүү уюмдары иштеген жок. Бардык билим берүү уюмдарынын ичинен «Таң шоола» жеке менчик бала бакчасы гана жабыркаган.

Баткен районундагы 54 мектепте жана 48 бала бакчада сабактар убактылуу токтотулду. 4 мектепке жана 6 бала бакчага элдер жайгаштырылган. 8 мектеп жана 3 бала бакча жабыркаган. Учурда комиссия келтирилген чыгымды тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүн Кадамжай районунда «Семетей» лицейинен башка бардык мектептерде сабактар башталды. «Семетей» лицейинде эртең сабактар башталышы үчүн бүгүн бошотулуп жатат. «Кан» бала бакчасында 113 адам жайгаштырылды, «Солнышко» бала бакчасында — 125, «Эдельвейс гүлү» бала бакчасында — 120, «Сумая» жеке бала бакчасында — 70, «Аруу» бала бакчасында — 65, «Ажар» бала бакчасында — 45. Бүгүн элдер жашаган жерине кайтып келе башташты. Мектептер жана бала бакчалар жабыркаган эмес.

Сүлүктү шаарында 9 мектептин 7синде окуу башталды. Кольцо айылындагы мектеп Тажикстан менен чек арага жакын жайгашкандыктан, сабактар баштала элек. Лейлектеги №4 орто мектебинде сабактар эртең башталат. Ал эми бала бакчалар иштеп баштады.

Бүгүн Чоң-Алай районундагы 17 мектептин 12синде, 23 бала бакчанын 17синде окуу башталды.

Эвакуация болгон 5 мектеп жана 6 бала бакчада окуу эртең башталат. Жабыркаган имарат жок. Мектептерде жана бала бакчаларда убактылуу жайгаштырылган адамдар жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>