Жээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутат
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 17-июлда башталат
05.07.2023 | 08:55
2023-204-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тапшырат.
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.
ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү :
I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;
II тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;
III тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;
IV тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом