Жогорку сот Мусакеевге чыккан буга чейинки өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку сот Мусакеевге чыккан буга чейинки өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге карата буга чыккан чейинки өкүмдөрдү жокко чыгарды.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлап, иш кайра кароо үчүн Свердлов райондук сотуна жиберилгенин билдирди.

Мусакеевге байланыштуу соттук отурум болуп жаткан учурда анын тарапташтыр Жогорку соттун алдына митингге чыгышты.

Белгилей кетсек, Бишкектин Свердлов райондук соту май айынын этегинде Дамир Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыраткан.

Атамбаевдин мурдагы жансакчысы, КСДПнын өкүлү болуп жүргөн Мусакеевге карата “Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган учурда кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүрүп, коррупцияга жол берген” деген айып коюлган.

Жогорку сот буга чейин мурдагы президент Аламазбек Атамбаевге, анын жансакчысы Канат Сагынбаевге жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата буга чейин чыккан өкүмдөрдү дагы жокко чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>