Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кызматынан четтетилди

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кызматынан четтетилди

Бүгүн, 31-мартта парламенттеги жыйында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кызматынан четтетилди.

Жыйында 61 депутат Калиеваны кызматтан четтетүүгө макулдугун берсе, төртөө каршы добушун берген.

Парламентке мындай сунушту президент Садыр Жапаров киргизген. Мамлекет башчысынын Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов укук коргоо органдары тарабынан Калиевага кылмыш иши козголгондон кийин Дисциплинардык комиссия тергөө бүткөнгө чейин аны кызматтан четтетүү чечимин чыгарганын билдирген.

Белгилей кетсек, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, анда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жана ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айтып, эгер соттор боюнча тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Кийин 28-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Гүлбара Калиеваны иши боюнча толук далилдер бар экенин билдирген.

Бирок көп өтпөй бул тууралуу Жогорку Сот УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айыптоолору орунсуз деп маалымат тараткан.

Ал эми Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга макулдугун сурап Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына кайрылган. 4-мартта Тартип комиссиясы аталган ишти Гүлбара Калиеванын катышуусуз карап, башкы прокурордун өтүнүчүн канаатандырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>