Жол тандабас унааны жасалма номер менен айдап жүргөн айдоочу кармалды — сүрөт

Жол тандабас унааны жасалма номер менен айдап жүргөн айдоочу кармалды — сүрөт

Жалал-Абадда жол тандабас автоунааны жасалма номер менен айдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу «Репортёрго» облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 12-декабрь күнү Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош жолунда Ош багытын көздөй бара жаткан «Тойота-Ленд Крузер» токтотулуп текшерилген.
Анда аталган унаанын номери жасалма экени аныкталган.

Себеби унаада Орусияга таандык номер тагылып турганы менен текшерүү учурунда ал Кыргызстанда катталган, башка мамлекеттик номерлүү унаа экендиги белгилүү болгон.
Ал эми автоунаанын айдоочусу өздүгүн тастыктоочу документтерин берүүдөн баш тарткан.

Бул факты боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, Жоруктар жөнүндө Кодексинин негизинде «Транспорттук каражатын идентификациялык номерин жасалмалоо же жок кылуу» беренеси менен катталган.
Автоунаа атайын айып короого коюлуп тергөө иштери башталган.

[su_image_carousel source=»media: 51648″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>