Жаңы жылдан тарта жаңы жол тандабастар үчүн көбөйтүлгөн тариф менен салык төгүлө баштайт. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Турдумамбетов кымбат баалуу унааларды айдап жүрүшөт да салыктарын төкпөгөндөр толуп кетти. Алар кызматта иштегендер, бул боюнча маалыматтарды алсаңыз болот деп Акылбек Жапаровго кайрылды.
Ал эми Жапаров Түркиянын моделине өтүп, жаңы жылдан тарта көбөйтүлгөн салык менен жаңы, кымбат машиналар төлөй баштаарын айтты.