Жолдо кооптуу абал жараткан №212 автобустун айдоочусу айыпка жыгылды (видео)

Жолдо кооптуу абал жараткан №212 автобустун айдоочусу айыпка жыгылды (видео)

Бишкекте жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, одоно жол эрежесин бузган №212 автобустун айдоочусуна 15 мин сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол милициясынан билдиришкендей, автобустун айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, кооптуу абал жараткан. Айдоочунун бул жоругу күбөлөр тарабынан видеого тартылып калып, соцтармактарга жайгаштырылган.

Айдоочу аялга айыппул салынгандан тышкары анын жумушта калар-калбасын Бишкектин мэриясынын тартиптик комиссиясы карайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>