БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Жөө күлүк Айнуска Калил кызы Азия чемпионатында коло утту
20.02.2024 | 10:24
Жөө күлүк Айнуска Калил кызы жабык имараттардагы жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында коло байге утту. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясы билдирди.
Айнуска Калил кызы коло байгени 3000 метр аралыкка жарышта уткан (убактысы 9:27.18). Буга чейин ал 1500 метр аралыктагы жарышта күмүш байгелүү болгон.
Эскерте кетсек, жабык имараттардагы жеңил атлетика боюнча Азия чемпионаты 17-20-февралда Иранда болуп өттү.
Бул мелдеште жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков эки алтын утуп, Азиянын эки жолку чемпиону болду.