Кыргызстан көк бөрүнүн Көчмөндөр оюнунан чыгарылышына нараазы

Кыргызстан көк бөрүнүн Көчмөндөр оюнунан чыгарылышына нараазы

Көк бөрүнү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катарына кошуу аракети көрүлүүдө. Федерациянын маалыматында, учурда Түркиянын Анталья шаарында Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын 6-форуму өтүп жатат. Ага маданият маалымат жана спорт министри Алтынбек Максүтов жана Көк бөрү бирикмесинин жетекчилиги катышууда.

Форумда Кыргызстан тарап көк бөрүнү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катарынан алып салуу туура эмес экендигин айтып, спорттун бул түрү анын ажырагыс бир бөлүгү экендигин билдирди.

Бул боюнча Билал Эрдоган менен жолугушууда дагы айтылды.

Ал тийиштүү тараптар менен кошумча сүйлөшүүлөрдү улантарын билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы спорттук мелдештердин түрлөрүнүн тизмесинен көк бөрү алынып, көкпар киргизилген.

Астанадагы Көчмөндөр оюндары көк бөрүсүз өтөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Көк бөрү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>