ЖРТдан жогорку балл алган 53 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болду – тизме

ЖРТдан жогорку балл алган 53 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болду – тизме

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алып, «алтын сертификатка» ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин жарыялады. Министрликтин маалыматына караганда, бул жылы «алтын сертификатка» 53 окуучу ээ болгон.

Эң жогору упайды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алган, анын баллы — 229.

Калган аймактардан: Бишкек шаарынан 28, Ош шаарынан  үч, Чүй облусунан алты, Ош облусунан эки, Талас облусунан эки,  Баткен облусунан алты, Ысык-Кѳл облусунан төрт,  Нарын облусу менен Жалал-Абад облусунун бирден мектеп бүтүрүүчүлөрү эң жогорку баллга ээ болгон.

Ар кандай себептер менен 700гѳ жакын бүтүрүүчү мурдагы эки этапка катыша албай 13-14-июль күндөрү тест тапшырышкан.  Алардын ичинен  эң жогорку упайга ээ болгон бүтүрүүчүлѳр болсо, «Алтын сертификатка» ээ болгон тизмеге 17-июлда кошумча киргизилет.
[su_image_carousel source=»media: 35128,35129,35130″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>