«Портердин» айдоочусу жогорку ылдамдыкта баратып, окуучу кызды сүзүп кетти. Ал каза болду1-апрелден тарта электр энергиясын колдонууга киргизилген чектөөлөр алынатБишкектин муралдары: Катревичтердин үй-бүлөсү эски дубалдарга кантип жан берет?Сергей Шойгу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысына согуш жылдарындагы элдердин эрдиги тууралуу уникалдуу китептер сериясын тапшырдыЧүйдүн Новопокровка айылында 100 орундуу төрөт үйү ачылат«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодо
ЖРТнын жыйынтыгы чыкты. Кайсы мектептин окуучусу эң көп балл алды?
27.06.2022 | 14:55
Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болгон. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл эң жогорку 235 баллды Бишкек шаарындагы No70 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү алган.
235тен 221ге чейинки балл алгандардын арасында борбор калаанын мектептеринде 35 окуучу, экинчи орунда Ош облусу (жети окуучу), үчүнчүдө Ысык-Көл облусу (беш бүтүрүүчү) турат.
Министрлик 24-25-июнь күндөрү өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы боюнча бул тизмени толуктоого болорун кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим