Жумгал районунда мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгон ата-баланы издөөгө бүгүн, 2-ноябрда жалпы 100 адам чыкты.
ӨКМдин маалыматына караганда, издөө иштерине 50 куткаруучу, ИИМден 30 милиционер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам чыгып, жалпы 100 адам 6 дрон менен издеп жатат. Жеринде министрдин орун басары У.Шамырканов жетекчилик кылууда.
«Мындан сырткары Токтогул районунда Камбар -Ата ГЭСтеринен Токтогул суу сактагычына чейинки Нарын дарыясынын жээктеринде 8 куткаруучу издөө иштерин жүргүзөт», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылынын 49 жаштагы К.Б. жана 9 жаштагы С.Б. аттуу тургундары 16-октябрь күнү мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн. Издөө ошол күндөн бери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз