Президент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен таанышты
Жумгалда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча инклюзивдик борбор ачылды
23.06.2023 | 20:44
Жумгал районунун Байзак айылында инклюзивдик борбор ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев катышты. Инклюзивдик борбор үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана гендердик колдоо боюнча иштерди жүргүзөт.
Белгилеп кетсек, министрлик бир нече жылдан бери коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга 48,0 млн.сом бөлүп, өлкө боюнча коомдук демилгелерди колдоп келет.
“Биз калктын социалдык жактан аярлуу катмарынын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн жарандык коом жана жергиликтүү администрациялар менен тыгыз иш алып баруудабыз”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом