Салык кызматы жумуш берүүчүлөр – юридикалык жактар 1-октябрдан тарта айлык маянаны накталай эмес төлөшү керектигин эскертти.
Жумуш берүүчүлөр (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдардан сырткары) cabinet.salyk.kg сайтындагы «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу жалданма кызматкерлердин реестрин жүргүзүүгө жана маалыматтарды жаңылап турууга милдеттүү. Аталган талаптарды бузгандыгы үчүн жеке жактар үчүн 3 миң сом жана юридикалык жактар үчүн 6,5 миң сом айып пул каралган.