УКМК кармаган журналист Гүлжан Каримова тергөө абагына камалды

УКМК кармаган журналист Гүлжан Каримова тергөө абагына камалды

УКМК тарабынан кармалган Nazarnews сайтынын жетекчиси Гүлжан Каримова №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 18-ноябрда УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча Гүлжан Каримова 1-декабрга чейин камакка алынды. Журналист Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча шектелүүдө.

Эскерте кетсек, Гүлжан Каримова 16-ноябрда УКМКга сураккка чакырылып, ошол эле күнү 48 саатка камакка алынган. Анын кармалышына 2023-жылдын январь айында Facebook баракчасына жазган посту себеп болгон.

Журналист Гүлжан Каримованын эмнеге шектелип жатканы айтылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>