Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Журналист Гүлжан Каримованын эмнеге шектелип жатканы айтылды
17.11.2023 | 11:00
“Назарньюс” сайтынын жетекчиси Гүлжан Каримова УКМК тарабынан 48 саатка кармалды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге анын жакындары ырасташты.
Алардын маалыматында, журналист Кылмыш-Жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде диний кастыкты козутууга шектелүүдө. Ага Гүлжан Каримованын 2023-жылдын январь айында Facebook баракчасына жазган посту себеп болгондугу айтылат.
Бүгүн-эртең анын бөгөт чарасы сотто каралат.
Белгилей кетсек, Маданият жана маалымат министрлиги “Назарньюс” сайтын 2 айга жабуу чечимин кабыл алып, 20 күндөн кийин кайра иштөөгө уруксат берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом