Эл аралык донорлор ИИМге 23,3 млн сомдук жардам көрсөткөн

Эл аралык донорлор ИИМге 23,3 млн сомдук жардам көрсөткөн

Ички иштер министрлиги тышкы байланыштарды чыңдоо менен бир катар жетишкендиктерге жетти. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Анын айтымында, Ички иштер министрлиги эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү бир катар натыйжалуу иш-чараларды жүргүздү. Чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөө максатында быйыл эле 338 иш-чара уюштурулуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу жагы бекемделүүдө. Эл аралык кызматташтык ишмердүлүүгүнүн негизинде, эл аралык донорлордон Кыргызстандын Ички иштер министрлигине жалпы 23 млн 305 миң 470 сомдук ар кыл заманбап материалдык техникалык жардамдар алынды.

«ИИМдин жетекчилигинин катышуусунда эл аралык маанидеги, чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын жетекчилери, элчилери, эл аралык уюмдардын, өнөктөштөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү менен укук коргоо багытындагы маанилүү маселелер боюнча жолугушуу, сүйлөшүү, отурумдар, өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.  ИИМ КМШ өлкөлөрүнүн бардык ички иштер министрликтери жана Шанхай кызматташтык уюму, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Корея, Түркия, Япония мамлекеттери менен жемиштүү кызматташтыкты жүзөгө ашырды. Мен Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая, Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев, Казакстандын экс-ички иштер министри Марат Ахметжанов, азыркы ички иштер министри Ержан Саденов, Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожонов,  Кытайдын Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушуп, коопсуздук,  коомдук тартипти чыңдоо максатында бир катар маанилүү келишимдерге кол койдум. Ал келишимдердин арасында Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин Ички иштер министрликтери менен кадрларды даярдоо боюнча өзгөчө маанилүү багыттарда да келишимдерге кол коюлуп, ал акырындык менен иш жүзүнө аша баштады», — дейт ал.

Ниязбеков билдиргендей, эл аралык кызматташтыктын алкагында ири долбоорлорго, келишимдерге, меморандумдарга жана коомчулукту тейлөө сапатын чыңдоо боюнча шарт түзүү үчүн бир катар макулдашууларга жетишилди.

«АвтоУраган» аппараттык-программалык комплексинен 20 даана алынып келинди. Аталган иш-чаралар калкыбыздын коопсуздугун бекем сактоого, жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу аткарууга, функционалдык мүмкүнчүлүктү жакшыртууга карата жасалууда. Быйыл эле жол эрежелерин бузган 4 миң 49 автоунаа аныкталып, 1 миң 459 автоунаа  айып  жайларына киргизилген, издөөдө жүргөн 540 автоунаа кармалган. Ошондой эле тогуз ай ичинде мамлекеттик бюджетке 12  млн 868,8 миң сом өндүрүлгөн», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>