БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Журналист Семетей Талас уулунун баш коргоо чарасы каралууда
03.11.2022 | 11:09
Бүгүн, 3-ноябрда Биринчи май райондук сотунда журналист Семетей Талас уулунун баш коргоо чарасы каралууда.
Сот отуруму жабык өтүп жатат.
“Бул иштердин баары саясат. Саясий кызыкчылык үчүн ушундай болуп жатат”, – деди журналист өзүнүн камалышы тууралуу.
Белгилей кетсек, Семетей Талас уулу1-ноябрда ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка алынып келип, андан кийин камакка алынган.
ИИМдин маалыматына караганда, ал «Фейсбукта» экстремисттик материалдар камтылган билдирүү жасаганы үчүн кармалган жана аталган факт УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү боюнча каттоого алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар